Akchabarsearch
Кыргызстанда такси кылууга 17 миңден ашык жаран лицензия алды

Жарыяланган

2026-19-06, 17:41

Кыргызстанда такси кылууга 17 миңден ашык жаран лицензия алды

Кыргызстанда такси кылууга 17 миңден ашык жаран лицензия алды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишмердигин лицензиялоо жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев билдирди.

Анын айтымында, маалыматтык системалардагы маалымат боюнча өлкөдө 60-70 миң киши такси кылат. Ал эми алардын мекемесинин эсептери боюнча, Кыргызстанда 35 миң такси айдоочусу бар. 

Ал билдиргендей, бүгүнкү күнү 17 миңден ашык такси айдоочусу лицензия алды. Ошондой эле лицензия алуу үчүн онлайн түрдө 1 миңден ашык киши арыз берген. Дагы алардын бөлүмдөрүнө барып азыр тапшыргандардын саны 1.5-2 миңди түзөт. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда такси кылгандарга лицензия алуу милдеттүү болуп саналат. 1-июлдан тарта лицензия жок иштегендерге айып салына баштайт. 


Тектеш материалды окуу