Akchabarsearch
Келерки аптада депутаттар каникулга тарайт

Жарыяланган

2026-19-06, 18:33

Келерки аптада депутаттар каникулга тарайт

Жогорку Кеңештин депутаттары келерки аптада каникулга тарайт. Бул тууралуу депутатДастан Бекешев Телеграм каналында билдирди. 

Анын айтымында, келерки аптада парламенттин эки жыйыны өтүп, андан кийин алар каникулга тарайт. 

Белгилей кетсек, азыр Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышын депутаттары иштеп жатат. Алар былтыр күзүндө парламент өзүн-өзү тараткандан кийин шайланып келип, 17-декабрда ишке киришкен.  

Каникул учурунда депутаттар бир ай аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугат, бир айын эс алат. 


Тектеш материалды окуу