
Жарыяланган
2026-13-08, 10:04Ош облусунун Араван районунда «Араван Газоблок» компаниясы тарабынан газоблок чыгарган завод салынууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бул заводду салууга, жабдыктарды алууга баш-аягы 1 млрд сом кетет деп эсептелген.
Завод ушул жылдын аяктарында ишке берилет. Анда жылына 300 миң куб метр газоблок чыгарылып турат. Газоблокко керектүү чийки заттын 90%ы түштүк аймактагы кендерден алынат.
Ал иштеп баштагандан кийин 70 жумуш оруну түзүлүп, ишкана салык, социалдык жана башка төлөм катары өлкө жана жергиликтүү бюджетке жылына 200 млн сомдой төгүп турат.



