Akchabarsearch
Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

Жарыяланган

2026-13-08, 11:30

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча артка кайтарылды

Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталды.

Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылган.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.
 


Тектеш материалды окуу