
Жарыяланган
2026-13-08, 11:44Бишкек шаарында Кара-Кеченин көмүрү 7 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде "Кыргызкөмүр" ишканасынын директору Рустамбек Садыралиев билдирди.
Анын айтымында, бааны ишкана менен Антимонополия кызматы бирге эсептеп чыгып, коюп берген.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте көмүр саткан 21 кампа иштеп жатканы айтылган.



