Akchabarsearch
Аскердик-медициналык кызматтын жаңы имараты ачылды

Жарыяланган

2026-30-01, 16:32

Аскердик-медициналык кызматтын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 30-январда КРнын Президенти Садыр Жапаров УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы кызматкерлерге кайрылып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып жаткан аскер жана офицерлердин саламаттыгына кам көрүүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Жапаров тарыхка токтолуп, Аскердик-медициналык кызмат 1951-жылы өзүнчө түзүлгөнүн, андан бери кесиптик милдеттерин так аткарып келерин айтты. Жаңы комплекс УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курулду.

Жаңы имараттын жалпы аянты 15 миң чарчы метр жана ал операциялык блок, реанимация, реабилитациялык кызматтарды, аскердик оорукана менен жүрөк-кан тамыр жана хирургия бөлүмдөрүн камтыйт. Медициналык комплекс заманбап жабдуулар, санариптик технологиялар жана жогорку технологиялык хирургия менен жабдылган.

Садыр Жапаровдун айтымында, жаңы имарат медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга, дарылоо мөөнөтүн кыскартууга жана бейтаптарды тез реабилитациялоого багытталган. 

Аскердик медициналык кызмат УКМКнын, Чек ара жана 9-кызматтын кызматкерлерин, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлөлөрүн, ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тейлейт.

Президент заманбап жабдуулар менен жабдылган кабинеттерди, магниттик-резонанстык жана компьютердик томографиялык, ультрадобуштук диагностика жана эхокардиография аппараттарын, палаталарды, конференц-залды, ашкананы жана спортзалдарды көрүп чыкты.

 


Тектеш материалды окуу