Akchabarsearch
Ат-Башыда 13 кичи футбол талаасы жакында пайдаланууга берилет
Сүрөт алынган жер: Интернет

Жарыяланган

2026-11-08, 20:40

Ат-Башыда 13 кичи футбол талаасы жакында пайдаланууга берилет

Нарын облусунун Ат-Башы районунда салынып жаткан 13 кичи футбол аянтчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Аталган кичи футбол аянтчалары президенттин Турукташтыруу фондунун  эсебинен курулуп жатат. Азыр алардын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. 

11-август күнү облус башчысы  Нурбек Сатаров райондо курулуп жаткан кичи футбол аянтчаларынын бир катарын кыдырып, аткарылган иштерди көргөн.

Ал тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу бүткөрүп, аянтчаларды талапка ылайык пайдаланууга берүү жана мындан ары алардын абалын көзөмөлдөп туруу боюнча тапшырмаларды берген.


Тектеш материалды окуу