Akchabarsearch
Кыргызстанда таштандыдан электр энергия өндүргөн экинчи ири завод Ошто курулууда

Жарыяланган

2026-11-08, 16:01

Кыргызстанда таштандыдан электр энергия өндүргөн экинчи ири завод Ошто курулууда

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетип, андан электр энергия өндүргөн экинчи ири завод Ош шаарында курулууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Курулуш иштерин кытайлык «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы жүргүзүп жатат. Учурда жеринде 200дөй куруучу иштөөдө. 

Азыр заводдун биринчи кабаты салынып бүтүп, экинчи кабаты тургузулууда. 

Завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин, суткасына 800 тоннадан ашык таштандыны кайрадан иштетип, андан электр энергия өндүрөт.


Тектеш материалды окуу