
Жарыяланган
2026-11-08, 18:23Келерки жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн керектүү стаж 7 жылды түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы пенсияга чыгуу стажына коюлган талаптар өзгөргөн. Мурда толук пенсияга чыгыш үчүн эркектерге 25 жыл, аялдарга 20 жыл стаж керек болгон. Ошол жылдары толук стажы болбогондорго пенсия да жарым-жартылай коюлуп берчү.
Ал эми 2024-жылы 2025-жылдын аягына чейин минималдык стаж 5 жыл деп коюлган. Быйыл пенсияга чыгам дегендерде 6 жылдык стаж болушу шарт.
"2027-жылы жалпы негизде пенсияга чыгыш үчүн 7 жылдык стаж керек болот. Андан кийин жыл сайын көбөйүп отуруп, 2045-жылы талап кылынган стаж 20 жыл болот", - деди ал.



