Akchabarsearch
    Атайын кызмат: Өзгөндө башкы дарыгер УКМК кызматкерине 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

    Жарыяланган

    2025-21-07, 16:45

    Атайын кызмат: Өзгөндө башкы дарыгер УКМК кызматкерине 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

    Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Атайын кызматтан маалыматы боюнча, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумундагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери (Б.Г.Т.) мыйзам бузууларды жашыруусу үчүн жана кылмыш ишин козгобосун деп УКМК кызматкерине 100 миң сом пара сунуштаган. Бирок УКМК кызматкери пара алуудан баш тарткан. Ага карабай башкы дарыгер пара берүү аракетин улантып, 300 миң сом сунуштаган. 

    Натыйжада ал 16-июлда 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. 

    Башкы дарыгерге кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу