Жарыяланган
2025-22-07, 16:30Талас облусунда расмий жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, жумуш орундарынын жетишсиздиги курч бойдон калууда. Таластагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча райондор аралык башкармалыктын маалыматы боюнча, быйыл 5-июнга карата расмий түрдө жумуш издеп катталган адамдардын саны 3 миң 868ди түзгөн. Бул көрсөткүч бир жыл мурдагыга караганда 22%га (1 миң 93 адамга) азайганы менен жумуш табуу мурункудай эле оңой иш эмес.
Ишсиз жүргөндөрдүн ичинен 2 миң 410 адам расмий түрдө жумушсуз макамын алган. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 20%га аз.
Ошол эле учурда облуста жумуш сунуштагандар аз. Иш берүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, июнь айынын башына карата Таласта 148 бош жумуш орун болгон. Башкача айтканда, ар бир бош орунга орточо эсеп менен 26 талапкер туура келет.
Мындайча айтканда облуста жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси актуалдуу бойдон калууда.