Akchabarsearch
    Кыргызстанда жүзүмдүн түшүмү көбөйдү

    Жарыяланган

    2025-23-07, 12:24

    Кыргызстанда жүзүмдүн түшүмү көбөйдү

    Кыргызстанда 2024-жылы мурдагы жылга караганда жузүмдүн түшүмү көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө жүзүмзарлардын аянты 2645 гектарга жетет. Былтыр жүзүм өстүргөндөр жалпы 7323 тонна түшүм алып, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 43.3%га көп болгон. 2023-жылы 5111,3 тонна алынган.

    Ошондой эле жүзүмдүн түшүмдүүлүгү арткан. Маселен 2024-жылы бир гектардан 27,7 центнер алынган. Мурдагы жылы болсо, бир гектарынан 12,3 центнерден жүзүм терилген. 


    Тектеш материалды окуу