Жарыяланган
2025-23-07, 10:39Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) эки көчмө телестанция сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Көчмө телестанцияларды сатып алууга жалпы 410 млн сом каралган. Бул сумманын ичинен 278.8 млн сомго 8 камералуу жана калган 131.2 млн сомго 5 камералуу телестанция сатып алуу пландалууда.
Тендер боюнча арыздар 5-августка чейин кабыл алынат.