Akchabarsearch
    Таластагы "Манас Ордодо" конгресс-холл, конок үйлөр салынып, аянты кеңейтилет

    Жарыяланган

    2025-23-07, 11:22

    Таластагы "Манас Ордодо" конгресс-холл, конок үйлөр салынып, аянты кеңейтилет

    Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде реконструкция иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, "Манас Ордодогу" оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.  

    Долбоор боюнча, ал жакта заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үй жана эки кабаттуу административдик имарат курулат. Ошондой эле комплекстин аянты кеңейтилет. 

    Министрлик "Манас Ордодо" мындай ири реконструкция 30 жыл ичинде алгач ирет жасалып жатканын, анын максаты комлексти Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу экенин билдирди.

    Министр Нурдан Орунтаев Таласка болгон иш сапарынын алкагында "Манас Ордодогу" оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыккан. 


    Тектеш материалды окуу