Жарыяланган
2025-22-07, 17:35Ысык-Көлдө 11 мектеп бүтүрүүчүсү Москва техникалык байланыш жана информатика университетинде акысыз окууга мүмкүнчүлүк алды.
Балдардын Москвадагы университетке окууга өтүүсүнө SKY industrial group компаниясынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева көмөк кылган. Ал аталган окуу жай менен сүйлөшүп, алар Кыргызстанга мугалимдерин жөнөткөн. Москвадан келген мугалимдер Жети-Өгүз менен Тоң районунда 150 баладан тест алышкан. Алардын ичинен 15 бала тесттен өтүп, 11и Москвага окууга барууга макулдук берген.
Карапайым үй-бүлөдөн чыкканын айткан Рахат Жунушбекова элеттеги балдар татыктуу билим алсын деген тиелеги бар экенин айтат.
"Айылда чыйрак, эмгекчил балдардын таланттары ачылбай калбасын деп ойлоном. Жардам берүү — бул менин максатым. Билимге эч ким каражатын аябаш керек деп ойлойм. Бардык кыялдар орундалат", - дейт ал.
Москва техникалык байланыш жана информатика университетине өткөн 11 окуучу: