Жарыяланган
2025-22-07, 17:11Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө медициналык жабдууларды жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине 24 млн 431 миң сом акча бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, жыл сайын Күйүк бөлүмүнө 1700дөн ашык адам ар кандай күйүк жаракаттары менен кайрылат. Аталган бөлүмдө жылына орточо 800 операция жасалат. Бирок керектүү жабдуулардын жоктугу жарандардын калыбына келтирүү процессин жайлатып, инфекция жуктуруу коркунучун жогорулатат.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев Республикалык күйүк борборуна барып, маселе менен жеринде таанышып, заманбап медициналык жабдууларды алып берүү боюнча тапшырма берген.