Akchabarsearch
Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Жарыяланган

2026-08-09, 19:14

Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   

Буга чейин Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан Аида Касымалиева  башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.   

Касымалиева аталган кызматта 2021-жылдын декабрь айынан бери иштеп келди.  

Аяз Баетов болсо буга чейин юстиция министри болуп иштеп келген.   

Ал бул кызматты дээрлик 5 жыл аркалады: Баетов министр болуп 2021-жылдын октябрь айынан бери иштеди. 


Тектеш материалды окуу