Akchabarsearch
Кофенин импорту 2.5 эсе көбөйдү

Жарыяланган

2026-08-09, 17:53

Кофенин импорту 2.5 эсе көбөйдү

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргзстанга 575.3 млн сомго кофе импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жарым жылда өлкөгө 561.8 тонна кофе ташып келинген.

Кофе Кыргызстанга 16 өлкөдөн импорттолгон. Анын ичинен кофенин көбү Россия (345.3 тонна), Казакстан (94.4 тонна), Бразилия (60.6 тонна) жана Колумбиядан (41.2 тонна) сатып келинген.

2025-жылдын жарым жылына караганда кофенин импорту 2.5 эсе же 341.4 тоннага көбөйгөн. Былтыр январь-июнь айларында өлкөгө 220.4 тонна кофе импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу