Akchabarsearch
Аяз Баетов  юстиция министри кызматынан бошотулду

Жарыяланган

2026-08-09, 09:45

Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду

Аяз Баетов  юстиция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, Баетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган. 

Эскерте кетсек, Аяз Баетов 2021-жылдын октябрь айынан бери юстиция министри кызматын аркалап келе жаткан. 

Президенттин башка жарлыгы менен президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев кызматтан алынып, юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Президент назначил и. о. министра юстиции

Тектеш материалды окуу