
Жарыяланган
2025-20-11, 18:09Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азиядагы аймактык экономикалык кызматташтык программасына кирген өлкөлөрдөгү долбоорлорго 10 млрд доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Аталган акча 2030-жылга чейин берилет деп пландалууда.
Учурда Борбор Азиядагы аймактык экономикалык кызматташтык программасына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан, Кытай, Грузия, Монголия, Пакистан жана Азербайжан кирет.



