
Жарыяланган
2025-20-11, 17:18Кыргызстанда күйүүчү майдын керектүү запасы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаев өкмөт өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо үчүн тиешелүү иштерди алып барып жатканын, учурда мунай базаларында күйүүчү майдын керектүү запасы бар экенин айтат.
Анын айтымында, өкмөт өлкөнүн нефтетрейдерлери менен бирге Беларусь, Азербайжан жана Казакстандын мамлекеттик органдары жана мунай иштетүүчү заводдору менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан өлкөгө күйүүчү май келүүдө.
Төрөбаев күйүүчү май менен байланышкан кырдаал турукташканын билдирди.



