
Жарыяланган
2025-20-11, 16:19Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук USDKG стейблкоининин - санариптик токендин алгачкы эмиссиясын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага каржы министри Алмаз Бакетаев жана «Виртуалдык активдердин эмитенти» компаниясынын төрагасы Бийболот Мамытов катышты.
50 000 000 даана USDKG токени Tron түйүнүндө жүгүртүүгө чыгарылды. Ар бир токен бир долларга барабар болуп, алтын менен камсыздалган.
“USDKG —Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдоого алынган, алтын менен камсыздалган стейблкоин. Ачык, коопсуз жана туруктуу санарип валютасы катары иштелип чыккан USDKG алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологияларынын натыйжалуулугун айкалыштырат”, - деп айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, бул долбоордун ишке кириши Кыргызстанга глобалдык финансы экосистемасындагы позициясын чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле ал блокчейн чечимдери аркылуу мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган борбордон ажыратылган сервистердин Web3-экосистемасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз түзөт.
USDKG стейблкоинин 100% мамлекетке таандык болгон «Виртуалдык активдердин эмитенти» компаниясы чыгарат. Бул өз кезегинде ишенимдүүлүктү жана институционалдык туруктуулукту камсыздайт.



