
Жарыяланган
2025-31-03, 17:50Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Башкармалыктын мүчөсү жана төраганын орун басары Азизбек Сайпидинов өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Аны ээлеген кызматынан бошотуу чечими банктын директорлор кеңеши тарабынан 27-мартта кабыл алынган.
Эске салсак, Азизбек Сайпидинов директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп директорлор кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы чечими менен дайындалган. Учурда анын ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат бериле элек.


