Akchabarsearch
"Баатыр энелердин" балдары мамлекеттик окуу жайларда качан акысыз окуй баштайт?

Жарыяланган

2026-22-10, 13:58

"Баатыр энелердин" балдары мамлекеттик окуу жайларда качан акысыз окуй баштайт?

"Баатыр энелердин" балдары мамлекеттик окуу жайларда качан акысыз окуй баштайт? Бул суроо азыр "баатыр энелерди" ойлондуруп жатат.

Эсиңерде болсо "баатыр энелердин" балдары мамлекеттик окуу жайларда акысыз окусун деген токтомду Жогорку Кеңештин комитети быйыл июнь айында кабыл алган. Бул сунушту өкмөт дагы колдогон.

Бирок 2026-жылга ал үчүн акча каралбагандыктан, жанагы токтом 2027-жылдан тарта күчүнө кире турган болгон. Мындай чечимди 28-сентябрда Жогорку Кеңештин комитети кабыл алган. Ал чечимге ылайык, "баатыр энелердин" балдары 2027-жылдын сентябрь айынан баштап мамлекеттик окуу жайларда акысыз окуй алат. 
 


Тектеш материалды окуу