Akchabarsearch
    Баетов: Мамлекеттик органдар бюрократияны азайтууга каршылык көрсөтүүдө

    Жарыяланган

    2025-29-05, 12:56

    Баетов: Мамлекеттик органдар бюрократияны азайтууга каршылык көрсөтүүдө

    Мамлекеттик органдардын каршылык көрсөткөнүнө карабай, бюрократияны азайтуу боюнча иштер алдыга жылууда. Бул тууралуу юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов билдирди.

    "Катуу каршылык болуп жатат. Бул деген процесс туура багытта бара жатканын көрсөтүүдө. Практика көрсөткөндөй, бардык жаңылануулар басым аркылуу ишке ашат", - дейт.

    Анын айтымында, бюрократиялык процедураларды азайтуу үчүн даярдалган  дээрлик бардык мыйзам долбоорлор боюнча министрликтер жана мекемелерден көптөгөн сындар келүүдө. Алардын айрымдары негизсиз. Бул ишти жайлатууда.

    Баетов каршылык көрсөткөндөрдүн бири сот системасы болуп жатканын белгиледи. 


    Тектеш материалды окуу