Akchabarsearch
    Кыргызстан менен Казакстан экономикалык кызматташтыкты арттырат

    Жарыяланган

    2025-31-05, 09:09

    Кыргызстан менен Казакстан экономикалык кызматташтыкты арттырат

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Казакстанстандын премьер-министринин орун басары – экономика министри Серик Жумангарин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык долбоорлорду жана эки тараптуу иш-чараларды даярдоо маселелери талкууланган. 

    Амангелдиев эки өлкөнүн алакасы стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп келе жатканын билдирген. 

    Өз кезегинде Серик Жумангарин өлкөлөр ортосунда өкмөттөр аралык кызматташуу жемиштүү өнүгүп жатканын жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл Казакстанда өтөрүн белгилеген. 

    Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерин карап, 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 миллиард долларга жеткирүү үчүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташкан. 


    Тектеш материалды окуу