
Жарыяланган
2026-03-07, 14:45«Бай-Түүшүм» банкы Sendy төлөм системасы жана «Мир Привилегий» банкы менен биргеликте «Баалуу байге» акциясын 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Россиядан акча которууларды алгандар ай сайын өткөрүлүүчү байгелерди утуп алууга катыша алышат.
Акцияга катышуу үчүн «Мир Привилегий» мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн 25 миң рублден кем эмес суммадагы которууну алуу керек. Которууну тариздеп жатканда жөнөтүүчү BTB промокодун же банктын кеңсесинен же расмий сайтынан алынган промокодун көрсөтүшү керек. Промокодду колдонуу которуу үчүн комиссияга 0,05% арзандатуу берет.
Мындай которууну алган адам автоматтык түрдө ай сайын өткөрүлүүчү байгелерди утуп алууга катышуучу болуп калат. Байгелердин арасында тиричилик техникалары, электрондук жабдыктар, анын ичинде чаң соргуч, кофе кайнаткыч, тамак жасагыч, аэрогриль, буу казаны, акылдуу колонка, чач кургаткыч, электр чайнек, үтүк жана кулакчындар бар.
Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат жана бир нече этап менен өтөт. Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча, акциянын шарттарын аткарган катышуучулардын арасында байгелер ойнотулат, ал эми жеңүүчүлөр банктан белек алышат.
Акциянын шарттары жана катышуу тартиби тууралуу толук маалыматты төмөнкү жерлерден алса болот:
«Бай-Түүшүм» банкы» ААКнын бөлүмдөрүнөн;
8899 номери аркылуу;
WhatsApp +996 990 008 899 аркылуу;
Банктын расмий сайтынан.



