
Жарыяланган
2026-03-07, 15:30«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы видео жана компьютердик жабдууларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн.
Тендердин жалпы баасы 33.6 млн сомду түзөт. Анын ичинен 25.1 млн сом видео жабдууларга, ал эми 8.5 млн сом компьютердик жабдууларга каралган.
Тендердин шарттарына ылайык, жеңүүчү компания жабдууларды келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде жеткириши керек.
Катышуучулар акыркы үч жыл ичинде видео жабдуулар боюнча кеминде 25 млн сомдук, ал эми компьютердик жабдуулар боюнча 7 млн сомдук ушуга окшош келишимдерди аткарганын тастыктоого тийиш.
Төлөм жабдуулар толугу менен жеткирилип, кабыл алынгандан кийин 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт. Аванстык төлөм каралган эмес.
Тендердик сунуштар 20-июлга чейин кабыл алынат.



