Akchabarsearch
Ош облусттук оорукананын алдына өтмөк курууга 43.4 млн сомго тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-22-06, 10:56

Ош облусттук оорукананын алдына өтмөк курууга 43.4 млн сомго тендер жарыяланды

Ош шаарындагы Памир көчөсүндө жайгашкан Ош облустук ооруканасынын алдына жөө адамдар үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк куруу пландалууда. Бул үчүн Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуу жарыялады. 

Долбоордун болжолдуу баасы 43.4 млн сомду түзөт. Тендердик сунуштар 2026-жылдын 3-июлуна чейин кабыл алынат. 

Тендердин шарттарына ылайык, подрядчы өтмөктү долбоорлоо, бардык керектүү макулдашууларды алуу жана объектти пайдаланууга берүү иштерин кошкондо 60 календардык күндүн ичинде бүтүрүшү керек. 

Ошондой эле катышуучулар көпүрөлөрдү жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу боюнча тажрыйбасын, тиешелүү лицензияларын, атайын техникаларын жана квалификациялуу адистерин тастыкташы зарыл. Компанияларда долбоорду ишке ашырууга жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу да талап кылынат. 

Жаңы өтмөк шаар тургундарынын жана бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
 


Тектеш материалды окуу