
Жарыяланган
2026-19-06, 12:12Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кочкор районунда административдик имаратын курууга мамлекеттик сатып алуу жарыялады. Долбоорду аталган мамлекеттик агенттик ишке ашырууда.
Курулуш иштери үчүн 31.6 млн сомдон ашык каражат каралган. Имарат Кочкор айылынын С. Алиев көчөсү 22 дарегинде курулат.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучуларда курулуш иштерин аткаруу тажрыйбасы, тиешелүү лицензиялар жана квалификациялуу инженер-техникалык адистер болушу керек. Ошондой эле компаниялардын финансылык туруктуулугу жана акыркы жылдардагы иш тажрыйбасы документтер менен тастыкталышы зарыл.
Кошумча катары, курулуш техникасынын жеткиликтүүлүгү, банктык эсептердеги каражаттар жана башка финансылык мүмкүнчүлүктөр талап кылынат. Бардык документтер толук берилбесе, арыз четке кагылышы мүмкүн.
Тендердик сунуштар 3-июлга чейин кабыл алынат.



