
Жарыяланган
2026-17-06, 11:25Талас облусунун Манас районундагы Кадыралы каналын реабилитациялоого 238.7 млн сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган тендерде айтылат.
Тендерди Манас райондук суу чарба башкармалыгы жарыялаган. Долбоордун алкагында каналды калыбына келтирүү жана курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү каралган.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар гидротехникалык жана ирригациялык курулуштар боюнча ушуга окшош долбоорлорду ишке ашырган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле атайын адистердин курамы, керектүү курулуш техникалары жана кеминде 50 млн сомдук каржылык ресурстары болушу талап кылынат.
Долбоор боюнча подрядчыга келишимдин суммасынын 10% өлчөмүндө аванс төлөнүп, калган 90% иштер кабыл алынгандан кийин берилет.
Тендердик сунуштарды кабыл алуу 30-июнга чейин уланат.



