Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Өрүк айылында 40 млн сомго суу түтүк системасы жаңыланат

Жарыяланган

2026-03-06, 15:51

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Өрүк айылында 40 млн сомго суу түтүк системасы жаңыланат

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кызыл-Өрүк айылында суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо боюнча тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 40 млн 20 миң 113 сомду түзөт.

Долбоорду Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суулар объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы ишке ашырат. Анын алкагында айылдагы суу түтүк тармагы жаңыланып, калкты таза суу менен камсыздоо жакшыртылат.

Тендердик сунуштарды кабыл алуу 18-июнга чейин жүргүзүлөт. Курулуш иштерин аткарган компанияга келишимдин суммасынын 10% алдын ала төлөнүп, калган 90% жумуш толук бүткөндөн кийин берилет.

Тендерге катышуучу компаниялардын ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы, тиешелүү лицензиясы, атайын техникасы жана квалификациялуу адистери болушу керек.
 


Тектеш материалды окуу