
Жарыяланган
2026-01-06, 15:29Базар-Коргон районундагы Кызыл-Октябрь айылындагы К. Артыгалиев атындагы орто мектептин аймагына спорт комплекс курууга 9.3 млн сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тендерди Кеңеш айыл өкмөтү жарыялаган. Долбоор боюнча спорт комплекс 90 күндүн ичинде курулуп бүтүшү керек.
Подрядчы компания спорт комплексин куруу иштеринен тышкары курулуш таштандыларын чыгаруу, аймакты тазалоо, коопсуздук талаптарын камсыздоо жана бүткөндөн кийин айлананы калыбына келтирүү иштерин да аткарат.
Тендердик сунуштарды кабыл алуу 4-июнда аяктайт. Келишимдин шарттарына ылайык, подрядчыга каражаттын 30%ы аванс катары берилип, калган 70%ы объект кабыл алынгандан кийин төлөнөт.



