Akchabarsearch
Баткенде эки айылга суу чыгаруу үчүн 15.8 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-21-05, 11:01

Баткенде эки айылга суу чыгаруу үчүн 15.8 млн сомдук тендер жарыяланды

Баткен районундагы Алтын-Бешик айыл өкмөтү Газ жана Согмент айылдарында жер астынан тик кудук казып, суу чыгаруу иштерине 15.8 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Газ айылынын Бүркүт-Уя тилкесинде кудук казуу иштерине 8 млн сомдон ашык каражат каралган. Ал эми Согмент айылынын Белес тилкесиндеги иштердин баасы 7.7 млн сомду түзөт.

Тендердик сунуштар 2026-жылдын 4-июнуна чейин кабыл алынат.

Тендерге катышкан компаниялар акыркы эки жыл ичинде кеминде 15 млн сомдук окшош долбоорду аткарган тажрыйбасын көрсөтүшү керек. Ошондой эле тиешелүү лицензиясы, каржылык мүмкүнчүлүгү жана салык боюнча карызы жок экенин тастыктаган документтер талап кылынат.

Долбоордун алкагында подрядчы компанияга 10% алдын ала төлөм берилет. Калган 90% каражат иштер толук аяктап, кабыл алынгандан кийин төлөнөт.


Тектеш материалды окуу