
Жарыяланган
2026-30-06, 10:45Лейлек райондук билим берүү бөлүмү 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине мектептер жана бала бакчалар үчүн көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Көмүр сатып алууга жалпысынан 43.7 млн сом каралган. Ал Сүлүктү кенинен казылган БК жана БР үлгүсүндөгү көмүр болушу керек.
Көмүр Лейлек районундагы мектептерге, бала бакчаларга, "Баластан" балдар борборуна, райондук билим берүү бөлүмүнө жана борборлоштурулган бухгалтерияга жеткирилет. Жеткирүү иштери 2026-жылдын 15-ноябрына чейин аякташы керек.
Тендерге катышкан компаниялар Сүлүктү кенинен көмүр өндүрөрүн тастыктаган документтерди, лицензиясын жана ушул сыяктуу жеткирүүлөр боюнча иш тажрыйбасын көрсөтүшү керек.



