Akchabarsearch
Байсалов: “Саламаттыкты сактоо тармагына үч эсе көп каражат жумшалуусун күтүп жатабыз”

Жарыяланган

2025-03-12, 18:01

Байсалов: “Саламаттыкты сактоо тармагына үч эсе көп каражат жумшалуусун күтүп жатабыз”

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана медициналык жардам программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Мохини Как менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар баштапкы медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу программасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Эдиль Байсалов саламаттык сактоо системасын күчтөндүрүү өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги багыт экенин белгиледи.

“Биз саламаты сактоо тармагына жакынкы жылдары үч эсе көп каражат жумшалуусун күтүп жатабыз. Келерки жылдан баштап медициналык кызматкерлердин маянасы кыйла жогорулайт. Ал эми мамлекеттик инвестициялар Бишкек шаарында жана аймактарда заманбап медициналык инфратүзүмдү курууга багытталат. Президент жаңы саламаттык сактоо министрин дайындап, мамлекеттик саламаттык сактоо системасын түп-тамырынан өзгөртүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдетти койду”, - деди Байсалов.

Дүйнөлүк банк өкүлдөрү баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө, саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган реформаларга эксперттик жана каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.


Тектеш материалды окуу