Akchabarsearch
Быйыл саламаттык сактоо объекттерине 696 млн сом каралган

Жарыяланган

2026-25-05, 12:50

Быйыл саламаттык сактоо объекттерине 696 млн сом каралган

Быйыл республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча саламаттык сактоо тармагына 696 млн сом каралган. Бул тууралуу Каржы министри Руслан Сүйүналиев “Ачык кабинет” иш-чарасынын алкагында журналисттерге айтты.

Бүгүнкү күнгө карата анын 401 млн сому каржыланып, план 57%дан ашык аткарылган.

Министрдин айтымында, жалпы республика боюнча 1 миң 300 объектти каржылоо пландалган. Бул багытка бюджеттен 49 млрд 680 млн сом каралган. Учурда каражаттардын 68%ы каржыланып бүттү.

Каржылоо курулуш иштерине, долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жана капиталдык оңдоолорго багытталууда. Анын ичинде социалдык объекттер, саламаттык сактоо мекемелери, мектептер, ичүүчү жана сугат суу системалары жана башка объекттер бар.


Тектеш материалды окуу