
Жарыяланган
2026-24-03, 10:37Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев акыркы беш жылда мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.
Анын айтымында, мурда аймактарда кадр жетишсиздиги каржылоого байланыштуу болуп келген.
«Азыр айлык акы 100 пайызга жогорулатылып жатат. Ошол эле учурда айлык маянадан тышкары айрым адистерге мамлекет тарабынан акыркы эки жылдан бери 20 миң сомдон кошумча төлөм каралган. Мындан тышкары, үч айда бир төлөнүүчү дарыгерлердин депозиттик төлөмү мурда 33 миң сом болсо, азыр 66 миң сомду түзөт. Бул медицина кызматкерлерине жакшы стимул берет. Саламаттыкты сактоо системасы өлкөнүн экономикасына түздөн-түз байланыштуу. Биз алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирип жатабыз», — деди ал.


