Akchabarsearch
Жалал-Абадда саламаттыкты сактоо объекттерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды

Жарыяланган

2026-22-01, 14:10

Жалал-Абадда саламаттыкты сактоо объекттерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды

Жалал-Абадда саламаттыкты сактоо объекттерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, Базар-Коргон жана Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан 32 административдик имаратты жана 5 жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды.

Бул мүлктөр коммерциялык максаттарда – медициналык борборлор, дарыканалар, тез тамактануучу жай катары колдонулган.

Имараттар жана жер участоктору мамлекеттин менчигине кайтарылгандан кийин, ижара шарттары кайра каралып, акысы бир топ көбөйүп, бюджеттин кирешелеринин бир топ өсүүсүн  камсыз кылган.

Жыйынтыгында көрсөтүлгөн объектилер жана жер участоктору мамлекеттин менчигине кайтарылды.


Тектеш материалды окуу