
Жарыяланган
2026-02-03, 10:52Жалал-Абад облусунда эки энергетикалык обьект курулат. Бул тууралуу Жалал-Абал электр тармактар ишканынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат курулат.
Аталган обьектилердин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт. Негизги каражат «КУЭТ» ААК тарабынан жалпы 16 млн сом өлчөмүндө каржыланат.
Бул эки жаңы имаратты куруу демилгеси Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан көтөрүлүп, 2026-жылдын пландуу иш-чаралар мерчемине киргизилген. Азыркы тапта курулуш иштерине байланыштуу тендер жарыяланып, долбоорлор такталып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.



