Akchabarsearch
    Байтик айылындагы веложол Кашка-Сууга чейин узартылат

    Жарыяланган

    2025-21-08, 14:10

    Байтик айылындагы веложол Кашка-Сууга чейин узартылат

    Бишкектин түштүк тарабындагы Байтик айылында салынган веложол Каша-Сууга чейин узартылат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

    Буга чейин аталган веложолго 3.1 чакырым асфальт тɵшɵлүп, толук жарыктандырылган. Быйыл жолду 9 чакырымга чейин узартып, Кашка-Сууга чейин жеткирүү пландалууда. 

    "Учурда 3 чакырым аралыкта веложолдун негизин даярдоо, бордюрларды орнотуу жана бак-дарактардын ордун бошотуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

    Жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №25 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.  


    Тектеш материалды окуу