
Жарыяланган
2026-14-07, 16:33BAKAI корпоративдик социалдык жоопкерчиликтиналкагында борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундардын жашоо сапатынжогорулатууга багытталган долбоорлорду жигердүү ишке ашырууда.
Узак мөөнөттүү корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча кызматташтыктын алкагында BAKAI 2023-жылдан бери борбор калааны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет.
«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлдү:
«Тазалык» муниципалдык ишканасына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлдү:
Узак мөөнөттүү кызматташтыкты баалоонун белгиси катары BAKAI башкармалыгынын төрагасынын биринчиорун басары Марат Какеев ыраазычылык кат менен сыйланып, маек берип, анда банктын корпоративдиксоциалдык жоопкерчилик жаатындагы стратегиясы жанашаар ичин мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарытууралуу айтып берди.
«BAKAI үчүн социалдык жоопкерчилик — бул коомдун, шаардык инфраструктуранын, экологиянын жана тургундардын жайлуулугунун өнүгүшүнө багытталган узак мөөнөттүү инвестиция. Биз практикалык мааниге ээ болгон, айлана-чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө түзгөн жана шаарга көп жылдар бою пайда алып келе турган демилгелерди колдойбуз»,– деп белгиледи BAKAI башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев.
Банк муниципалдык ишканалар менен өнөктөштүк узак мөөнөттүү негизде жүргүзүлөрүн белгилеп, ал инфраструктураны жаңылоо менен гана чектелбестен, заманбап технологияларды киргизүүнү, иштин натыйжалуулугун жогорулатууну жана шаарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү да камтый турганын белгилейт.



