
Жарыяланган
2026-14-07, 18:11Талас облусунун Чат-Базар – Арал – Талды-Булак жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө каралган. Жол куруучулар тарабынан бул тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Мындан тышкары, Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына алып барган 10 чакырым жолго асфальт төшөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун негизин даярдоо, жер кыртышын тегиздөө жана кеңейтүү сыяктуу жумуштар аткарылууда.
Ошондой эле Көк-Ой – Кызыл-Туу жолунун планга кирген тилкесине асфальт төшөлүп бүткөн. Ал эми Кызыл-Туу – Манас-Ордо жолунда жер жумуштары уланууда.
Аталган жолдордо курулуш иштери бекитилген графикке ылайык министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.



