Akchabarsearch
Манас шаарындагы спорт комплекстин курулушуна 479 млн сомго азыраак акча кете турган болду

Жарыяланган

2026-14-07, 16:24

Манас шаарындагы спорт комплекстин курулушуна 479 млн сомго азыраак акча кете турган болду

Манас шаарында салынып жаткан 5200 орундуу спорт комплексинин курулушуна 479 млн сомго азыраак акча кете турган болду. Бул тууралуу курулуш министрлиги билдирди. 

Бул спорт комплек 2025-жылы салына баштап, анын курулушуна 3 млн сомдон ашык акча кетет деп эсептелген. Президенттин тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан долбоордун сметалык эсептери кайра каралып, наркы такталган.
Натыйжада курулуштун жалпы сметалык баасы 2.6 млрд сом деп эсептелген. Муну менен бюджеттен 479 млн сом үнөмдөлө турган болгон. 

Башкы планга ылайык, спорт комплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда 5200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP коноктор үчүн атайын орундар, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар болот. 


Тектеш материалды окуу