Akchabarsearch
Кыргызстан төрт айда чет жакка 15 миң тоннадан ашык жүгөрү экспорттоду

Жарыяланган

2026-14-07, 16:51

Кыргызстан төрт айда чет жакка 15 миң тоннадан ашык жүгөрү экспорттоду

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан чет жакка 123.1 млн сомго жүгөрү экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Чет жакка жалпы 15 миң тоннадан ашык жүгөрү экспорттолгон. 

Кыргызстан жүгөрүнү Өзбекстан (13.3 миң тоннадай), Афганистан (1.1 миң тонна), Тажикстан (612.6 тонна), Кытай (21.7 тонна) жана Россияга (6.8 тонна) саткан.

2025-жылдын январь-апрель айларына караганда экспорт дээрлик 2.7 миң тоннага көбөйгөн. Былтыр төрт айда чет жакка 12.3 мин тонна кеткен. 


Тектеш материалды окуу