
Жарыяланган
2026-11-02, 15:36Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында уй багуунун чыгымдары акталбай жатканы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди.
Анын айтымында, буга чейин сүт заводдору сүттү сапатына карабай бирдей баада — орто эсеп менен 35 сомдон сатып алып келишкен. Бул дыйкандар үчүн да, кайра иштетүүчү ишканалар үчүн да натыйжалуу болгон эмес.
Былтыр бул маселени чечүү максатында министрлик сүттү майлуулугуна жараша сатып алуу бааларын бекиткен. Ага ылайык, айрым компанияларда майлуулугу 4.2% болгон сүт 49 сомдон, 4.1% — 51 сомдон, ал эми 3.4% майлуулуктагы сүт 42 сомдон алынууда.
Министр дыйкандарды асыл тукум мал багууга чакырып, мындай мал көбүрөөк жана сапаттуу сүт берерин белгиледи. Бул багытта 3%дык жеңилдетилген насыя каралганын, ошондой эле мал алууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн мал уруктары акысыз берилип жатканын кошумчалады.



