
Жарыяланган
2026-16-01, 10:31Бишкектеги кафелердин биринин жетекчиси Жанна Ибрагимова такмактарга болгон баа азык-түлүктөрдүн кымбатташына байланыштуу болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик органдар азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөшү керек.
“Маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кафе, ресторандардагы баалар боюнча талкуу болуп жатат. Тейлөө акысы жоюлгандан кийин баалар өзгөргөн жок. Баа азык-түлүктөрдүн кымбатташына байланыштуу өзгөрүп жатат. Тийиштүү органдар кафе, ресторандарды эле текшерип жатат. Алар азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөш керек. Биз бааны базардагы баага карата көтөрөбүз. Тейлөө акысын алып салууга макулбуз”, - деди ал.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов бардык тейлөө кызматтары текшерилип жатканын белгиледи.
“Биз тейлөө акысын жоюу боюнча токтом чыгарда эле тамактарга болгон баа көтөрүлө турганын божомолдогонбуз. Баа декабрь айынан баштап өсүп баштады”, - деди Иманкулов.



