
Жарыяланган
2026-19-02, 12:00Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун баасы өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Батракеева ЖРТга негизги тестке жана предметтик тестке катталуунун баасы буга чейин 470 болгонун, быйыл да ошол бойдон каларын айтты.
Бирок мамлекеттик тил боюнча тапшырыла турган тесттин баасы өзгөрөт: буга чейин 200 сом болсо, эми 470 сом болот.



