Akchabarsearch
    Балыкчыда оңдоп-түзөө иштерин жасаган компания жолго жука асфальт төшөп койгон

    Жарыяланган

    2025-22-08, 17:53

    Балыкчыда оңдоп-түзөө иштерин жасаган компания жолго жука асфальт төшөп койгон

    Балыкчыда оңдоп-түзөө иштерин жасаган компания жолго жука асфальт төшөп койгон. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

    "Чу Прокси" компаниясы Т. Молдо көчөсүн оңдоп-түзөөдө иштерди долбоордогудай аткарбай, жолго жука асфальт басып койгон. Жумуштар макулдашуусуз жана кайра экспертиза өткөрбөстөн жасалган. 

    Текшерүү учурунда компанияга эскертүү берилип, айып салынган. Бирок жаңыланган документтерди берүү талабы аткарылган эмес. Буга байланыштуу учурда иштин материалдарын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда. 

    Ошондой эле мэрия оңдоо иштерин аягына чыгаруу үчүн "4 Энержи" компаниясы менен келишим түзгөн. 


    Тектеш материалды окуу