Akchabarsearch
    Кафелердеги 15% тейлөө акы жокко чыгарылат. Документ коомдук талкууга чыгарылды

    Жарыяланган

    2025-22-08, 17:16

    Кафелердеги 15% тейлөө акы жокко чыгарылат. Документ коомдук талкууга чыгарылды

    Экономика жана коммерция министрлиги кафе-ресторандарда тейлөө акы алууга тыюу салган токтом долбоорун даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды.

    Документте айтылгандай, азыр өлкөдөгү тамактануучу жайлар 5-15% деп тейлөө акы алышат. Бирок кардар тамакка буйрутма бергенге чейин көрсөтүлгөн кызматтардын так баасын билгенге укуктуу. Мындан улам тамактануучу жайлар кандай кызмат көрсөтсө да, ал үчүн алына турган акы тамактын баасынын ичинде болуш керек. Ошондуктан тейлөөгө деп кошумча акы алууга тыюу салуу пландалууда. 

    Ошол эле учурда официантка чай пул берүүгө тыюу салынбайт. 


    Тектеш материалды окуу